Мамкаттоо: Россияда сатылып жаткан кыргыз паспорттору эч жерде таанылбайт, ал жасалма

271

Росияда жасалып жаткан паспорттор жасалма, бул паспорт Кыргызстанда таанылбайт деп билдирет Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиев “Элдик медиа” порталына.

“Россиянын бир сайты Кыргызстандын паспортун жазап берүү үчүн кызмат көрсөтөт экен деген жаңылык чыкты. Бул мыйзамсыз көрүнүш, паспорттор жасалма. Кадимки пластикке сүрөттөрдү чаптап, каалаган фамилияны жазып, жасап беришет. Алар кандайдыр бир уурдалган же бизден чыгып кеткен мыйзамдуу паспорттордун бланкы деп түшүнбөө керек”,- дейт.

Бейшеналиевдин айтымында мындай жарыялар Россиянын сайттарында бар, жасалма паспортторду даярдаган шылуундар Кыргызстандын гана эмес, башка өлкөлөрдүн да, арасында Европанын өнүккөн өлкөлөрүнүн да паспортторун даярдап беребиз деп кызмат сунуштаган учурлар жок эмес.

Россиянын көзөмөл органы мындай сайттардын жеткиликтүүлүгүн чектеп койгон күндө деле башка домен менен кайра-кайра ачыла берет”,- дейт мамкаттоонун өкүлү.

Мамлекеттик каттоо кызматы андай сайттарга карата чара көрүүсүн өтүнүп, орус бийлигине да улам кайрылып келерин бышыктады.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь