Михаил Мясниковичтин алгачкы сапары Бишкектен башталат

225

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чакыруусу менен 4-февралда Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын жаңы төрагасы Михаил Мясникович расмий сапар менен Бишкекке келет. Бул анын чет өлкөгө жасаган алгачкы сапары.

Сапардын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушуулар пландалган.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, ЕАЭБ рыногунда орун алган тоскоолдуктарды, алып коюуларды жана чектөөлөрдү четтетүү, ошондой эле экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар багыттарындаЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин макулдашылган саясатын жана шайкеш мыйзамын жүргүзүүгө байланыштуу маселелерди талкуулоо пландалууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь