Өзгөндө жол кырсыктан 7 киши тирүүлөй күйүп кетти

6 042

3-фервль күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда 7 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Мырзаке айылындагы Жээнбеков көчөсүндө бүгүн саат 03:30да Lexus ES300 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, электр мамычасын сүзүп, натыйжада өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен жети эркек киши күйүп кеткен.

Жерине куткаруучулар, тез жардам жана милиция кызматкерлери тартылып өрт саат 04:35те толук өчүрүлгөн. Өрттү өчүргөндө унаанын ичинен 7 адамдын сөөгү табылган.

Учурда каза болгондордун өздүгү такталууда.

Разработка сайтов в Бишкеке http://bahtiiar.com/

Комментарии

  1. Жаткан жайлары жаннат болсун ыймандары саламат болсун ата энесине жакын туугандарына сабр берсин Омийн омийн

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь