Нарында 10 жашар кызды унаа өлтүрө сүзүп кетти (ВИДЕО)

8 120

Нарын шаарынын Городок аймагынан 10 жашар кызды унаа өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу Элдик медиага окурман билдирип, кырсык болгон жердеги видеону жөнөттү.

Видеодо көрүнүп тургандай, окуучу кыз маршруткадан түшүп жолдон өтүүгө чуркап чыккан учурда, жеңил автоунаа кызды байкабай сүзүп кеткен.

Нарын ОИИБнын басма сөз катчысы кырсык болгонун тастыктап, окуя кечээ 3-фералда саат 15:20 чамасында катталганын билдирди. Нарын шаардык милициясына Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн кабар түшкөн. Ыкчам тергөө тобу барган учурда күн чыгыштан күн батышты көздөй бара жаткан 1987-ж.т. У.М өзүнүн башкаруусунда “Фольксваген-венто” үлгүсүндөгү автоунаасы менен Нарын шаарынын тургуну 2010-жылы туулган Ы.к.Д сүзүп алган.

Натыйжада Ы.к.Д Нарын ОБОнун кайра жандандыруу бөлүмүнө алып барган учурда ал алган жаракатынан улам каза болгон.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Комментарии

  1. Байкуш. Кыз ыргып эле кетиптир .акырындан айдаса болмок экен вентанын айдоочусу.Жаннат оорун берсин.

  2. Дегинкиси бизде айюоочуларда маданиятсыз айдоого көнүп алышкан, Нарынюа ем олее светофорлор жөн эле иштеп турат. Сөзсүз киши өлтүрүп, бир азга чейин токоло түшөт деле кайра сүзмөй, ограничение деген бар да…

  3. Айдоочуда куноо жок дейт. Шаардын ичинде адырандабай жай айдаш керек, наристе да периште, бала да чуркады, эх

  4. автобус аялдамагп токтогондо артындагы угаа ылдамдыгын азайтыш керек себеби балдпр чуркап иет кокусунан. жаман иш болуптур конул айтабыз ата энесине бир туугандарына.

  5. Аста айдабайбы,калктуу конуштардан, тормоз дагы тепкен эмес го, шору катыптыр тиги байкуш наристе кыздын. Чакчандашып праваларды сатып алышат,жол эрежелерин бузуп. Баланын убалы кимге тормос тепсе дагы кыз аман калат беле, удар аста болуп. Арты кайрылуу болсун. Айла жок.

  6. Мақала жактыбы деп кантип жазып койдунар…. Келесоодой эле бирдемени жаза бересинер журналисттер. Кимге жагат мыңдай мақала….

  7. Тормоз тепкен тепкен жок дегенде куноо айдоочуда эмес маршрутканын алдынан ким чуркап отот. Айла жок эми арты кайрылуу болсун. Этиятта болгула.

  8. Ата энелер балдарыбызга жол эрежесин түшүндүрөлү, эч убакта алдынан чуркоого болбойт деп мектеп мугалими да айтып турушу милдеттүү, байкуш кыздын арты кайрылуу болсун, шоопур да жөн жерден кырсыкка кабылды.

  9. Маршрутканын шопуру жанталашып акча санабай сигнал басып койсо болмок экен негизи нарында беспредел айдоочулар коп.

  10. Байкушум ий😢😢😢 бала да чуркап чыга калган тура😔 негизи шаар ичинде айдоочулар акырын айдаса болмок мектеп, садиктер коп! Ата энеси сыздадыго ушунча чонойтуп алган кызынан бир заматта айрылды😢😢😢😢😢😢 Акырын айдагылачы айдоочулар өз балаңарды да ойлогула☝️

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь