Тармактык комитет вице-премьерликке Эркин Асрандиевдин талапкерлигин жактырды

508

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети өзгөчө кырдаалдар министрине сунушталган Замирбек Аскаровдун, ал эми вице-премьерликке Эркин Асрандиевдин талапкерлигин жактырып, аларды парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келди.

Замирбек Аскаров менен Эркин Асрандиевди депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Сунушталган талапкерлер буга чейин өзүн кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөтө алганын билдирди.

«Талапкерлердин билими да, тажрыйбасы да жетиштүү, мамлекеттик кызматтын талаптарын жакшы билет. Ошондон улам, жаӊы кызмат ордундагы милдетин татыктуу аракалап кете алышат деген ойдомун», – деди ал.

Мурдагы министр Нурболот Мирзахмедов ушул жылдын 23-январында Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Белгилей кетсек, «КР Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна ылайык, өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь