Чоң-Алайда жашы жете элек кызын күйөөгө берген ата соттолду

2 917

Чоң-Алай райондук соту 58 жаштагы А.З.ны “диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамды бузуу” беренеси менен күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтына жарыяланды.

Эркек киши өзүнүн 16 жаштагы кызын турмушка бергени үчүн айыпталууда.

“Соттук отурумдун жүрүшүндө айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган. Анын айтымында, кызы жигити менен бир жылдан бери сүйлөшүп жүргөн. Ага кудага түшүп жуучулар келгенде, кызынын макулдугу менен турмушка берген. Бирок мыйзамсыз иш-аракеттер болуп жатканын билген эмес. Айыпталуучунун кызы өз каалоосу менен турмушка чыкканын айтып, учурда бала төрөп бактылуу жашап жатканын сотто айтты”,-деп белгиленет соттун өкүмүндө.

Сот соттолуучуну бир жылга сыноо көзөмөлгө алуу (пробационный надзор) чечимин чыгарды.

Разработка сайтов в Бишкеке http://bahtiiar.com/

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь