Жаңы кызматта Асрандиевтин маянасы 20 эсеге азаят

232

Эркин Асрандиев вице-премьерликке дайындалса, маянасы буга чейинки кызматына салыштырмалуу 20 эсеге азаят. Бул тууралуу айткан депутат Сайдула Нышанов Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жетектеген Асрандиевди эмне кызыктырары тууралуу суроо узатты.

Асрандиевдин белгилегенине караганда, ал үчүн маянага караганда мамлекетке кызмат кылуу, жардам көрсөтүү маанилүү.

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасынын айлык маянасы 10 миң доллардын тегерегин түзөрү айтылган.

Айта кетсек, ЖК учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Замирбек Аскаровдун, ал эми вице-премьерликке Эркин Асрандиевдин талапкерлигин карап жатат.

Булак: “Марал”

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь