Ноокенде 10 жашар кызды зордуктаган шектүүнү сот камакка алды (видео)

803

28-январь күнү Ноокен РИИБне, аталган райондун тургуну арыз менен кайрылып, өз арызында ошол эле күнү болжол менен саат 17.00 чамаларда, анын 2010-ж.т. кызын, мектептен чыгып үйүнө кетүүчү жолдо баратса, өзүнө бейтааныш болгон болжол менен жашы 20-25 чамалардагы бала коркутуп, күч колдонуп зордуктап койгондугун билдирген.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Ноокен РИИБнин КЖБРне «Зордуктоо» болуп катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Ноокен районунун 2000-ж.т. тургуну А.А. кармалган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүүнүн жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, далил катары 15 даана жаш баланын ич кийими табылган.

Андан сырткары жабырлануучу шектүүнү тааныгандыгы туурасында көрсөтмө берген. Бүгүн 2020-жылдын 5-февраль күнү Ноокен райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан шектүү 2 айга камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь