“Оозуңузду жаап, отуруңуз!” Болот Ибрагимов журналистти кемсинтти (ВИДЕО)

2 014

Съемка тартуу учурунда Нью Тв телеканалынын журналисти жана активист Болот Ибрагимовдун ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу Элдик медиага окуянын катышуучусу, аталган телеканалдын кызматкери билдирди.

Анын айтымында, Чолпон-Ата – Горький көчөлөрүнүн кесилишинде Болот Ибрагимов ЖКККББ кызматкерлери менен бирге мыйзамсыз токтотулган унаалар боюнча тартып жүргөн. Бул учурда телекомпанияга таандык машина унаа токтотуучу жай жок болгондуктан, туура эмес жерге токтотуп койгон.

Укук коргоо органдары Нью ТВга таандык унаага протокол толтуруп, 500 сом өлчөмүндө айып пул төлөшкөн.

“Биз унааны айдап чыгып бара жатканыбызда, активист өзүн пиарлоо үчүн журналистти чагымчылдыккка чакырып, аны кемсинтүүгө өттү. Адатынча үнүн бийик көтөрүп сүйлөп, жай сүйлөшүүгө келген жок”,- дейт окуянын күбөсү.

Журналист Элиза Балбакова менен байланышканыбызда окуянын болгонун тастыктап, Ибрагимов аны кемсинткенин айыптады. Учурда ага карата даттанабы же жокпу, абалга жараша чечилет деди.

 

 

Комментарии

  1. Бул журналисттерди ташыган унаа Жол эрежесин бузса керек.Болот Ибрагимов Жол тартипти бузгандарды бузбаганга чакырып келет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь