УКМК: Опумбаевдин сөздөрүн Жунусов туура эмес нукка бургандыгы анык көрүнүп турат

191

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 7-8-августта Кой-Таш айылында болуп өткөн окуяларды изилдөө боюнча коомдук комиссиянын мүчөсү, адвокат Жамангул Жунусовдун билдирүүсүн коомчулуктун оюн башка нукка буруу аракети деп эсептейт.

УКМК белгилегендей, тергөө тобунун жетекчиси Аширходжаевдин мурдагы президент Атамбаевди суракка мажбурлап алып келүү тууралуу токтому мыйзамдуу болгон жана президент Жээнбеков Конституция менен Жазык-процессуалдык кодексти одоно бузганы тууралуу маалымат чындыка дал келбейт.

Ошондой эле КР УКМК төрагасы О.Опумбаевдин маалымат жыйында айтылган сөздөрүн Ж.Жунусов туура эмес нукка бургандыгы анык көрүнүп турат. Анда УКМК төрагасы Башкы кол башчыга А.Атамбаевди мажбурлап алып келүү операциясы тууралуу маалымат берилгендиги жана бардыгы мыйзам чегинде өткөрүүнү катуу талап кылгандыгы тууралуу билдирген. Муну менен бирге алып келүүнүн мындай жолун КР УКМК жетекчилиги тарабынан тандалгандыгын О.Опумбаев бир канча жолу белгилеген.

Ж.Жунусовдун массалык башаламандык, жай тургундарга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин денесине келтирилген зыян укук коргоо органдарынын жетекчилеринин мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасы деген билдирүүсү, жүргүзүлгөн тергөөнүн жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш окуясы боюнча Мамлекеттик коммиссиясынын чечими менен жокко чыгарылат.

Анын корутундусунда «Атамбаев бийликти күч менен алууну пландаган жана Кой-Таш окуяларына болгон жоопкерчилик толугу менен Атамбаев жана анын тарапташтарында, ал эми УКМК жана ИИМдин күч менен алып келүү иш-аракеттери келтирилген каталарга карабастан КР Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жасалган» деп айтылган.

Буга байланыштуу КР УКМК Ж.Жунусовдун билдирүүсүн коомчулукту адаштыруу, мамлекет жетекчилигинин жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн каралоо, Кой-Таш окуясын тергөө жыйынтыгын саясатташтыруу, А.Атамбаев жана анын тарапташтарын мыйзамсыз иштерин актоо аракети деп баалайт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь