Алмасбек Акматов: Мамэкотехинспекция өзүнчө эле монстрга айланып калды

566

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Алмаз Акматов экологиялык техникалык коопсуздук инспекциясынын ишине канааттанбай турганын айтып өкмөт башчыга түзүмдү кайра карап көрүү сунушун берди. Депутаттын айтымында бул 12 мамлекеттик органдан куралган түзүм 8 жыл ичинде коррупциялык монстрга айланып калган.

“Баарыбызга белгилүү, 2012-жылы Өкмөттүн структурасын реорганизация кылуу менен Госэкотехинспекция кызматы түзүлгөн. Бул инспекцияга экологдордун, пожарниктердин, курулуштун, жана башка бардыгы болуп 12 мамлекеттик органдын контролдоо-көзөмөлдөө функциялары берилген. Убагында бул инспекция жакшы ой менен түзүлгөндүр, бирок азыркы учурда бир коррупциялык монстрга айланды. Акыркы убактагы мамэкотехинспекциядагы коррупциялык көрүнүштөр, 6 кызматкеринин коррупция менен камалышы коомдо чоң резонанс жаратты. 2018-жылы да булардын пресс-секретары плакат менен пикетке чыгып, бир топ мыйзам бузууларды, инспекциянын ишиндеги коррупциялык схема бар экендигин айткан. Бул жөнүндө президентибиз Сооронбай Шарипович да коопсуздук кеңешинин жыйынында катуу сын айтты. Булар ишкерлерден системалуу түрдө пара талап кылып турушкан. Бул ишке инспекциянын бардык башкармалыктары аралашкан. Коррупциянын уюгуна айланган. Убакыт көрсөткөндөй, бардык көзөмөлдү бир органга чогултуп коюу болбойт экен, бул коррупциялык схемага алып барарын көрдүк. Мисалы, пожарниктердин көзөмөлдөө функциялары инспекцияга берилген, өрт коопсуздугунда 21 гана штат калган,21 штат менен бүтүндөй республиканы кантип текшеришет? Экология да ушундай абалда, жаратылышты көзөмөмөлдөй албаса, штраф сала албаса, жаратылышты кантип коргойт?” – деди Акматов.

Ошондой эле депутат мамлекеттик экотех инспекциянын кереги барбы деген суроо коюп, инспекциясын бөлүмдөрүн чачыратуу керек өз алдынча чечим чыгарууну агенттиктерге, ведомстволорго өзүнүн көзөмөлдөө функциясын беришибиз деген пикирин билдирди.

Комментарии

  1. Полностью поддерживаю. Ведомствам необходимо вернуть надзорные функции. Не могут ведомства осуществлять регулирование без надзора. Возьмите вопрос охраны недр. На сегодня он не осуществляется. А это очень серьезно.

  2. Депутат жакшы тушунбойт окшойт.Коррупция бардык эле органдарда болуп жатпайбы. Бул кишинин тушунугу боюнча бардык органдарды жоюуу керекпи. Экотехинспекциянын жакшы жактары коп эмеспи. Сих озунузду озунуз критикалап, жарыка чыгара аласызбы?.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь