Арстан Алай: Мен Кытайды эле жазалап жаткан жокмун, биринчи алардан баштадым

1 830

Өзүн “Кудаймын”, “табияттын ээсимин” деген Арстан Алай мындан мурда мен Кытайга вирус жөнөтүп койгом деп айтканы бар. Ал Bars.Media сайтына эмне үчүн Кытайга вирус жөнөтүүнү чечкенин айтып берди.

Кытайга вирус жөнөткөнү тууралуу

“Илгери кыргыздар элин сактап калыш үчүн жайчылары жаан жаадырган, куюн чакырган. Ошол сымал эле, мен дагы кыргызды сактап калыш үчүн, Кудай ордуна отурган адам катары дүйнөнү табият аркылуу жазалап, анан баарын алдыма алып келип, аларга илим берип, анан ааламдык түшүнүккө өткөрөм. Мен Кытайды эле жазалап жаткан жокмун, биринчи алардан баштадым. Себеби, бизге Орусия, Европа өлкөлөрү же башка мамлекеттер жолтоо болгон жок, Кытай жолтоо болду. Биринчиден, кыргыздын Үзөңгү-Куушун тартып алды, 500 миллион долларга бааланган ЖЭБди 3 эсе кымбат жасады, кыргыздын айласын кетирип карызын доолап баштады. Мындан башка да толтура. Ошондуктан биз илимдештерим менен бирге биринчи Кытайды соттогонбуз.

Бир эле Кытай эмес

Мен адамзатты, аша чапкан жеке адамдарды соттоп коём. Мен Кытайды эле эмес, Улуу Британияны да соттогом. Себеби, улуу кыргыз деп бизди ааламдан берип атса, алар болсо Улуу Британия деп коюп алса. Анан ойлондум, Улуу Британия деп коюп алып, улуулук кызматты кылып жатабы? Мен сыяктуу куткарып, улуулукту айтып, адамзатка жол көрсөтүп жатабы? Жок. Ошондон кийин Улуу Британия Евробиримдиктен чыгабыз, үй-бүлөөсүндө боштондукка чыгып жашайбыз деген нерселер башталды.

Асмандагы аалам деген чоң энергия мени сен Теңир ата болдуң, ордуңа отурдуң, дүйнөнү сен табият менен башкарасың деп мени коюп койду. Жер ааламын Арстан Алайга багындырган көсөө, жан дүйнөлөрүн ойготуучу, жазалоочу сабоо кылды. Табиятка эч ким каршы чыга албайт да. Анан ошондо мен айткам, улуу кыргызга Кудайлык энергия берилип атса, анан аны Кытай же Улуу Британия башкарып алмак беле? Алар экономика менен кыйынсынса, мен аларды экология менен басып салам дегем. Мына ошол кызматты мен кылып атам.

Коронавирус Кыргызстанга келеби?

Кыргызстанга бул вирус келет деп ойлобойм, себеби, мен кыргызда көп адамды өстүрүп койдум. Медицина кыйын болсо ошончо жылдан бери ракка дары табат эле, коронавируска да дары таппайт. Кыргызды кырсык каптабайт, себеби, Арстан Алай Кудай ордуна отурду дагы адамзатты, ааламды айлантып жатат. Вирусун, куюнун жөнөтүп жатат, соттоп жатат же мээримин төгүп жатат.

Коронавирустун дарысы качан табылары жөнүндө

Кытайдагы вирусту айыктыруу үчүн вакцинанын да, шприцтин да кереги жок. Кытай кысылып жашайт, ошондуктан аларды энергия кысып коюп атат. Адам боштондукка чыгып, ошону түшүнгөн кезде эле айыгып кетет.

Ааламдан берилген, дүйнөдө азыр 7 миллиард калк болсо, ошонун 30 пайызы гана калат. Кытайда вирус чыгып, андан 200-300 киши өлдү деген бул жөн эле бысмылдасы. Бул башталышы гана. Бул кырсык токтосо башка кырсык чыга берет, кыскасы айласын кетирип алып кетет. Үйдөн таштандыны чыгаргандай, Жерден да жаман адамдар тазаланышы керек. Кытай вакцина ойлоп тапты деп атпайбы, тапкан жок.

Булак: Bars.Media 

 

Комментарии

  1. Арстан алай сизге айла жок экенго,кудай болсонуз карызын сурады кымбат кылды тартып алды дейсиз,анын баары доопорос , додой,
    донок , бийликтин ач коздугу, озум билемдиги , билимсиздиги себеп болду ошол убакта кайда журдунуз эмикытай бутуп Улуу британияга айланкочок болдунузбу, адамдын олумун тилеген сизди кордум, сак болбосонуз озунузду озунуз жогото турган мезгил келген окшойт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь