Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев каза болду

7 242

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу үй-бүлөнүн жакындары 24.kg басылмасына билдирген.

Алдын ала маалыматтар боюнча 44 жаштагы Айдар Акаевдин жүрөгү токтоп калган. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алган эмес. Айдар Акаев 5-февралда түштөн кийин Москвада көз жумду.

Эске салсак, Аскар Акаевдин төрт баласы бар – Бермет, Айдар, Саадат жана Илим.

Ал эми Айдар Акаев ишкерлик менен алектенген.

Ошондой эле Аскар Акаевдин улуу агасы Чилтен Акаевдин уулу Кубан Акаев дагы жүрөгү кармап каза болгон. Маркумдун сөөгү кечээ 5-февралда Кеминде жерге берилгени маалым болду.

Разработка сайтов в Бишкеке http://bahtiiar.com/

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь