«Биримдик» партиясы өзүнүн саясий идеологиясын билдирди

497

Кыргызстандын юстиция министрлигинде расмий түрдө 250нүн тегерегинде саясий партиялар катталган. Өткөн 2019-жылы эле жаңы 14 партия пайда болуптур. Расмий түрдө катталган партиялардын арасында «Биримдик» дагы бар. Юстиция министрлигинин реестриндеги маалымат боюнча «Биримдик» партиясынын төрагасы депутат Марат Аманкулов болуп саналат.

Партиядагы талапкерлердин тизмесинде 120дан кем эмес адам болуш керек. Алардын ичинде милдеттүү түрдө аялдар, жаштар жана улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнөн да талапкерлер болушу шарт. Айрым ММКлар жакында эле партиянын мүмкүн болгон тизмеси тууралуу жазып чыгышкан. Ал тизмеде Айнуру Алтыбаева, Асылбек Жээнбеков, Чыныбай Турсунбеков, Тазабек Икрамов жана башка бир катар саясий фигуралар айтылган.

Партия «Демократиялык социализм – евразиялык тандоо» деген темада тегерек стол өткөрдү. Анда партиянын өкүлдөрү мамлекеттин саясий аренасында иш алып бара турган вектор тууралуу айтып беришти.

«Бүгүнкү иш-чара аркылуу биз коомчулук менен диалогду баштаганы жатабыз. Качандыр бир кезде СССРдин лидерлеринин бири Андропов мындай деген эле: «Биз жашап жана иштеп жаткан мамлекетти биз билбейбиз». Ойлонсоңуздар, андай эмес да. Жашап жана өнүгүш үчүн биз өзүбүз ким экенибизди, эмнеден тураарыбызды түшүнүшүбүз керек. Бүгүн биз мамлекетибиздин интелектуалдык элитасын чакырдык. Биз алардын пикирин уккубуз келет. Азыркыга чейин мындай диалог бололек. Биз бири-бирибизди угушубуз керек», – деди иш-чаранын башында Марат Аманкулов.

Диалогдун жүрүшүндө эмне себептен негизги ветор демократиялык социализм жана евразиялык тандоо болгону түшүнүктүү болду.

«Евразиялык» – маданий-социалдык өнүгүү көз карашынан алганда – цивилдүү. Ал эми жаңы социализм – түзүш керек болгон нерсе. Ооба, евразиялык идеяны орус дүйнөсү менен чаташтырбаш керек. Аны түрк биримдигинин негизинин көз карашында карап көрбөйлүбү. «Стратегиялык жактан социализмге басым кылуу туура. Бул өз мамлекетиңди түшүнүү. Ошол эле убакта адамдар дайыма акыйкаттыкты каалайт. Андыктан мен партиянын ийгилигин демократиядан жана парламентаризмден көрүп турам. Анын үстүнө биздин элибиз өз тарыхында узурпацияны кабыл алган эмес. Биз биздин партияларда идеология жок, идея, калктын кеңири чөйрөсүнө түшүнүктүү баалуу платформасы жок деп көп айтабыз. Андыктан мындай жолугушуулар өзгөчө баалуу. Эксперттер менен идеология маселесин системалуу трүдө иштеп чыгып жаткан реалдуу саясий партияны көрүү кубанычтуу. Биз партиянын лидери менен төрт саат отуруп жана өтө терең сүйлөшкөнүбүздү белгилеп коюу керек», – деди өз сөзүндө саясат таануучу Денис Бердаков.

Диалогго чакырылгандардын баары активдүү катышты. Ошентсе дагы тегерек столдун баардык эле катышуучулары «Биримдик» тарабынан тандалган багытты колдошкон жок. Мисалы, философ Улук Уракунов евразиялык тандоого басым жасоонун кереги жок дейт. Ал көп векторлукту карманыш керек деген пикирде. Дагы бирлери демократиялык механизмди тарыхка бир нече жолу киргизүүгө аракет жасалганын, бирок ал ийгилик менен коштолбогонун айтышты.

«Кыргызстан өз алдынча мамлекет катары боло алабы – бул биздин тандообуздан көз каранды. Кыргыздар узак убакыт бою изоляцияда калган. Анан бизге көз карандысыздык берилгенде, эмне кылыш керек экенин түшүнбөй калдык. Бул Жогорку Кеңештин ишинен жакшы көрүнүп турат. Биз уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгардык. Биз бул инструментарийди колдонууну үйрөнмөйүнчө, эч нерсеге жетишпейбиз», – деп билдирди тегерек столдун катышуучусу Эмил Жамабаев.

Жалпысынан интеллигенция өкүлдөрүнө «Биримдик» партиясынын алган багыты жакты. Көпчүлүгү биздин республикага чындыгында социализм жакын экенин айтышты. Бирок классикалык эмес, дал ушул демократиялык формасы. Ал эми евразиялыкка басым жасоо толугу менен ийгиликтин ачкычы болуп бериши мүмкүн.

«Өзүн башкаларга карама-каршы кое турган эмес, жаратуучу, жасоочу идея түзүлгөн. Бирок, анда жалган болбой тургандай болушу керек жана биздин сөздөр иш менен айкалышпай калбашы керек», – деди профессор Анэс Зарифьян.

Эң башкысы, «Биримдик» партиясы – бул интеллигенциянын позициясын кабыл алууга даяр турган көптөгөн жылдардан берки биринчи партия.

«Дайыма кыйынчылыктар, татаалдыктар болуп келген. Бирок, бул эч нерсе жасабай койгонго шылтоо болбошу керек. Концептуалдык демилге зарыл. Эл менен сүйлөшүп, өзүбүз багытыбызды аныктап алышыбыз керек. Бирок, эл менен кандай платформада сүйлөшө турганды да аныкташ керек. Ал биримдиктүү болушу шарт. Бул жолдун башталышы гана. Ошондуктан элита жана интеллигенция менен диалог өтө маанилүү», – деп жыйынтыкташты тегерек столдун катышуучулары.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь