Кара-Балтада окуучуну тепкен мугалим жазаланды

671

Кечээ, 5-февралда Кара-Балта шаарындагы №2 орто мектептеги дене тарбия мугалиминин сабак учурунда эки окуучуну тепкен видеосу соцтармакка жарыяланган.

Окуяны териштирүү жана мугалимдин бул аракетине баа берүү үчүн Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Арыков Кара-Балтадагы №2 мектепте ата-энелердин катышуусунда бүгүн чогулуш өткөргөн.

Биз мектеп жетекчилиги жана ата-энелер менен жыйын өткөрүп, сүйлөштүк. Мугалим өзүнүн жүрүм-туруму үчүн кечирим сурады, ата-энелер ага карата дооматтары жоктугун билдиришти”,-деди Талантбек Арыков.

Бирок педагогикалык этиканын нормаларын бузгандыгы үчүн мугалимге сөгүш берилди деп билдирет билим берүү жана илим министрлигинен басма сөз кызматы.

 

 

Комментарии

  1. Туура эмес тепкени. Ошентип окутпай эле койсун . Ал адам Мугалим анан балдарды ушинтип окутса андан тарбия алган балдар кандай болушат. Негизи бардык мектепте бар ушундай, сабап конуп алышкан, балдар айтпайт , кийин чээрек айтып чыгышат. Ата эне билбейт. Илгерки мугалимдердин козунон эле коркуп сыйлачубуз. Азыр баркы жок болуп калды мугалимдердин. Но су бар го ушунчалык окуучу сыйлабайт укпайт тоготпойт. Оздору кадырын тушуруп алышты сабак тар отулбойт. Отурушат ушак айтышып. Кочкор РАЙОНО су иштей алабы дебейт жылкысын алып алчуусун алып жумушка коюп коет. Мектеп алдыга жылбайт , комурлор уурдалат эч ким козомолдобойт. Депутаттар мектепке акча проблемасын укпайлы бир сом чонулпайсынар дн бча чогултулбай калган. Ортодр шумшук ата энелер бар беш-алты жузду мугалим мн ата эненин ортосун бузгандар коп. Жаман адатка айланып калган. Окуйм дн баланы сабакка бар десен эх сабак жок отулбойт биз тел.чукуп эле отурабыз дейт. Анан кой анда барбай эле кой бош отурган балдар бирдин ичинен чыгышат билесинер кой дейсин. Ушу Кочкорду аябай текшерсе

    • Сиз корбой туруп антип суйлобонуз!!! Мен Кочкор дон андай мектеп коргон жокмун. Телефон дорун мектепке алып келгенге уруксаат жок.Балким баланыз калп айтып жаткандыр. Ал Эми жылкысын алып жумушка коет дегенинизге кошулам. Комур да уурдалат ал чындык. Биринчи кезекте комурду завхоз ОЗУ уурдайт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь