Кенже тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысы эки эсе жогорулады. Кызматтардын тизмеси

1 881

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кенже тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.

2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген документке ылайык, автобустардын, жүк ташуучу унаалардын, транспорттук-жыйноочу машиналардын, электро жана авточиркегичтердин айдоочуларынын, жыгач усталардын, сантехник, слесарь, электрик, иш кагаздарды мукабалоочу, короо шыпыргыч, багбан, гардеробщик, кароолчу (вахтер), лифтте иштөөчү адам, от жагуучу,  кастелянша, курьер, кладовщик, имараттарды оңдоп, тейлеген жумушчулар, калктуу конуштарды жакшыртуу, иш бөлмөлөрдү жана кызматтык аймактарды тазалагандардын эмгек акылары эки эсе жогорулайт.

Бул токтомду жүзөгө ашырууга бюжеттен жылына 220,0 млн. сом бөлүнөт, бул республикалык бюджетте каралган.

 

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь