Кочкордо үч унаа сүзүшүп, 7 адам жаракат алды

498

Нарын облусунун Кочкор районунда эки унаа сүзүшүп 7 адам жаракат алды.

Окуя кечээ 5-февраль күнү саат 20:00 чамасында Жаңы-Жол айылындагы С.Орозбаков көчөсүндө болгон. Анда Daewoo Nexia жана ВАЗ-2107 унаалары кагышып, кайра жолдун жээгинде токтоп турган ЗИЛ-130 оор жүк ташуучу унаасын сүзүшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыктын кесепетинен 7 адам ар кандай жеңил жаракаттарды алышкан. Каза болгондор жок.

Куткаруучулар жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, биринчи медициналык жардам көрсөткөн жана тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь