Маматалиев: 7-8 миң сомго ким кайда болгонун, ким менен сүйлөшкөнүн биле алат (видео)

1 147

“Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1-февралга чейин жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча атайын мамлекеттик орган түзөм деди эле, ал эмне болду?”,- деген Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев парламентте суроо салды.

Эл өкүлүнүн айтымында, учурда 7 миң сомго бир адамдын жеке маалыматтарын билүүгө жеткиликтүү болгон кызматтар иштеп жатат.

7 миң сом төлөп номерди берсеңиз, анын кимге таандык экенин чыгарып берет, бир айда кимдер менен сүйлөшкөнүн, бир айда кимдер менен кайсы жерде жүргөнүн аныктап берери ачык эле жарыяланып турат. Дагы 7-8 миң сом төлөп автоунаанын номерин берсеңиз анын канча айып пулу бар, керек болсо унаанын ээсинин канча баласы бар, чет элдик паспорту менен качан чет өлкөлөргө чыкканы толук маалымдалып турат“,- дейт Марлен Маматалиев.

Депутат мамлекеттик каттоо кызматына, салык кызматына, соцфонддун маалымат базасына жеткиликтүү болуп жатканынын себебин коррупцияга байланыштырды. Ортодо сүйлөшүүлөр аркылуу бул иштер болуп жатканын айткан депутат, тез арада адамдын жеке маалыматтарын коргой турган органды түзүүнү талап кылды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь