Петербургда кыргызстандык төрт эркек тапанча менен аялга кол салышты (сүрөт, видео)

197

Санкт-Петербургда кыргызстандык жарандар тапанча менен аялга кол салышты. Бул тууралуу «Комсомольская правда» жазды.

29 жаштагы келинге жанына анча көп эмес суммадагы акча салып, зер буюм сатып алууга келген. Артынан аңдып келе жаткан төрт жигит  кыздын сумкасын жулуп алууга аракет жасашкан.

Бул учур видеого тартылып калып, интернетте дароо жайылып кетти.

“Шок абалда болгондуктан, мен өзүмөн биринчи сумкадагы акчаны ойлоп жаттым. Ошондуктан колуман эч чыгарып жибербөөгө тырыштым. Бирок кол салгандардын бири травматикадан бутума атты, ошондо дагы колуман кое бербей жаттым. Качан гана тапанчаны башыма такаганда эч нерсе кыла албай калдым”,- дейт жабырлануучу.

Кыздын бутуна ок тийгенине карабастан каракчыларды сумкасы менен башка ургулап, эч багынып бергиси келген эмес.

Акырында эркектер сумканы жулуп алып качып кетишкен. Бирок жабырлануучу алар отурган унаанын номерин жаттып калган.

Көп узабай полиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары төрт эркекти кармады. Алар уурдаган сумкада 230 миң рубль, уюлдук телефон жана документтер болгон.

Аталган окуя боюнча “Талап-тоноочулук” беренеси менен кылмыш иши козголду. Кармалгандардын бардыгы тең Кыргызстандын жарандары болгон. Учурда алар камакка алынды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь