Стамбулда кыйраган учакта Кыргызстандын 2 жараны болгон (видео)

619

Түркиянын Стамбул шаарында кыйраган учакта Кыргызстандын 2 жараны болгон. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кечээ, 5-февраль күнү Pegasus Airlines авиакомпаниясынын Стамбул аэропортунда кырсыкка учураган учагынын ичинде жалпы 177 киши болгон: 171 жүргүнчү жана 6 экипаж мүчөсү. Акыркы маалыматтар боюнча, кырсыктан 3 адам каза болгону айтылууда.

Расмий маалыматтар боюнча, 130дан ашык жүргүнчү жабыркаган. Алардын арасында Кыргызстандын К.Н. жана И.А. аттуу 2 жараны болгон. Аларга тиешелүү медициналык жарда көрсөтүлүүдө“, – деп билдиришти министрликтен.

Министрликтен белгилешкендей, Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунун кызматкерлери кыргызстандык жарандарга барып, көрүп келишкен. Дарыгердин айтымында, алардын абалы туруктуу.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь