Араванда жергиликтүү чиновниктер ачык эле экинчи аял алып жатышат

1 492

Араван районунда эрте турмушка чыккандардын жана көп аял алгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу депутат Искендер Гайпкулов Жогорку Кеңештин “Ата-Мекен” фракциясынын кезектеги жыйынында айтканын 24.кж жазды.

Анын айтымында аталган райондун жашоочулары кыздарын 9-калсстан кийин эле мектепке жибербей күйөгө беришет.

9-класстан кийин окугандар аз. Жаштардын билим деңгээли өтө төмөн. Ата-энелери кыздарын мектепке жиберишпейт. Дароо эле мейли экинчи же үчүнчү кылып турмушка беришет экен. Жергиликтүү чиновниктер ачык эле экинчи жана үчүнчү аялдыкка алып жатышат”,- деп билдирди эл өкүлү.

Бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин “Ата-Мекен” фракциясынын жыйынында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышы талкууга алынды.

 

Комментарии

  1. 9 класс дегенибиз менен, Кыз киши жетилип калат экен. Куйого бербесе туура эмес жолго барып жатышатда, азыр Ата эне кызы аман эсен болсо болду деген менен жашап калды. Бирок эн биринчи кызы абийрлуу болуш керек эле! ал жагы кыйын бойдон калды. Азыр оной экен, боюнда жаны болуп калса, аборт кылдыруу жолу женил оной экен. Эми жаш деп куйоого бербей журоо берсе? Жаш Кыз бул жолдо журо берсе? Кээлечиги не болот? Европаны туурасак? Туурабы? Же Ошол кызын ойлоп абийри менен берейин деген Адамдык абийри кучтуу Адамдардын туурабы?

  2. 9 класс дегенибиз менен, Кыз киши жетилип калат экен. Куйого бербесе туура эмес жолго барып жатышатда, азыр Ата эне кызы аман эсен болсо болду деген менен жашап калды. Бирок эн биринчи кызы абийрлуу болуш керек эле! ал жагы кыйын бойдон калды. Азыр оной экен, боюнда жаны болуп калса, аборт кылдыруу жолу женил оной экен. Эми жаш деп куйоого бербей журоо берсе? Жаш Кыз бул жолдо журо берсе? Кээлечиги не болот? Европаны туурасак? Туурабы? Же Ошол кызын ойлоп абийри менен берейин деген Адамдык абийри кучтуу Адамдардыкы туурабы?

  3. Бойго жеткенде гана турмушка бериш керек. Көр оокаттын айынан балдарын бага албай айла жоктон турмушка берип жатат да. Мамлекетибиз бай болсо мындай көрүнүштөр болмок эмес. Чиновниктердин өзүлөрү бул ишке барып жаткандыгы кыргыз элин аябай өкүндүрөт. Келечекти ойлонгула чиновниктер. Ошол эле чиновниктин бойго жете элек кызын дагы бирөө алса эмне болмок эле, сотко берип ит акмагын чыгармак да, мыйзамга таянып.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь