Жалпы республикалык тестирлөө 2020. Кимдер кыргыз тилинен тапшырат?

258

Кыргыз тили Жалпы республикалык тестирлөөгө киргизилбей калды деген жаңылык чындыкка туура келбейт жана маалыматтар бурмаланып берилип калган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев билдирди.

Анткени 2002-жылдан бери эле тестирлѳѳнүн негизги предметтери болгон математика, окуп түшүнүү, аналогиялар жана сүйлѳмдѳрдү толуктоо, кыргыз тилинин практикалык грамматикасы деген бѳлүктѳр, ошондой эле Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы, физика, химия, биология, математика, сыяктуу предметтер боюнча кошумча тесттер кыргыз тилинде тапшырылат. Кыргыз Республикасынын 70%дан кѳбүрѳѳк бүтүрүүчүлѳрү ЖРТны кыргыз тилинде тапшырышат жана бул боюнча эч кандай маселе жок”, – дейт Марат Усеналиев.

2019-жылдан тартып, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн баарына өз каалоолору менен «Кыргызтесттен» өтүү мүмкүнчүлүгү берилип, колуна сертификат алган абитуриенттерге жогорку окуу жайларга кирүүдө жеңилдиктер каралган.

Марат Усеналиев кошумчалагандай, 2020-жылдан тартып жалпы республикалык тестирлөөгө филология багытына тапшырууну каалаган абитуриенттер үчүн кыргыз тили жана адабияты боюнча кошумча предметтик тест киргизилип жатат.

Жалпы республикалык тестирлөө Кыргызстанда 2002-жылдан бери уюштурулуп келе жатат. ЖРТны киргизүүнүн негизги максаты – Кыргызстандагы бардык мектеп бүтүрүүчүлөрүнө социалдык абалына жана жашаган аймагына карабастан өз билимдеринин негизинде жогорку окуу жайларына кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүү.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь