Өкмөт үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча кечиктирилгис иш чаралардын планын бекитти

174

Кыргыз Өкмөтү Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча кечиктирилгис иш чаралардын планын бекитти.

План үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү жөнүндө маселелерди артыкчылык катары караган Өкмөткө караштуу Аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынын чечимдерин аткаруу үчүн иштелип чыкты.

Буга чейин вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жүрүм-турум нормаларын өзгөртүү аркылуу зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алуу, жоопкерчилик чаралын күчөтүү, укук сабатын, билимди көтөрүү, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, маалыматтык-агартуучулук иштерди кеңири жүргүзүү боюнча ири комплекстүү иштерди аткаруу иштери алдыда турганын айткан.

Ошол эле учурда үй-бүлөлүк зомбулуктун ар бир учуру укук коргоо органдарынын өзгөчө көзөмөлүндө болуш керектиги баса белгиленди.

Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча кечиктирилгис иш чаралардын планынын негизги милдеттери төмөнкүлөр:

– Үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо жана координациялык чараларды өркүндөтүү үчүн үй-бүлөлүк зомбулукка ыкчам жооп кайтаруу мыйзамдык чараларын киргизүү;

– Жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоого, үй-бүлөдө зомбулуксуз жана чыр-чатаксыз жүрүм-турумду жайылтууга багытталган үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо чөйрөсүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу;

– Үй-бүлөлүк зомбулук жагдайларын аныктоо;

– Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар үчүн жардам көрсөтүү, зордук көрсөткөндөр менен иштөө. Зомбулуктун алдын алууга, мамлекетитк кризистик борборлорду түзүүгө бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттин каражаттарын көбөйтүү каралууда;

– Бүлөдө зомбулук көрсөтүүнү алдын алуу комитеттерин түзүү аркылуу жергиликтүү институционалдык жана координациялоочу механизмдерди өнүктүрүү;

– Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү субъекттердин потенциалын жогорулатуу;

– Үй-бүлөлүк зомбулукка жооп кайтарууну жакшыртуу.

Жогоруда саналган милдеттерди ишке ашыруу чаралары 2020-жылдын ичинде аткарылат.

Бул иш-чараларды аткаруучулар төмөнкүлөр: Башкы прокуратура, Жогорку Сот, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Ички иштер министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь