Аялды чарчап калган кызы менен виртуалдык реалдуулукта жолуктурушту (ВИДЕО)

1 688

Түштүк кореялык компания Viv Studio каза болгон кыздын видеолорун апасынан алып, кыздын образын түзүштү. 7 жаштагы Найона айыкпас дартка чалдыгып 3 жыл мурда чарчап калган.

Энеси менен кызынын жолугушуусун “Сен менен жолугушуу” даректүү тасмасында көрсөтүшкөн. Кызынын үнүн угуп жана аны кармоо үчүн Чан Чжиге атайын шлем жана кол кап кийгизишкен.

Виртуалдуу учур чакта кыз “апа” деп кыйкырып аялга чуркап чыккан. Чан Чжи көз жашын тыя албай ар күнү аны эстеп жатканын айтты.

Адегенде дарыгерлер Найона сасык тумоо болуп калды деп эсептешкен, бирок кыз бир айга жетпей каза болуп калган. Ошол күндөн тарта анын сүрөттөр үйдо илинип, ар жума сайын апасы анын күмбөзүнө жаңы оюнчуктарды алып барып коюп турат.

Жандуудай кылып виртуалдык жолугушууну уюштуруу үчүн Viv Studio өлкөдөгү бардык мыкты адистерди чогулткан. Алар Найонанын видео жана сүрөттөрүн анализдеп, анын баскан турганын, турпатын, жаңсоолорун, кыймыл-аракеттерин кылдаттык менен изилдешкен. Натыйжада маркум кыздын уникалдуу образын жаратышкан.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь