Бүгүн, 10-февралда, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаев менен Казакстандын Кордай районунда түзүлгөн абалды талкуулады жана ага колдоо сөздөрүн билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элинин атынан Кордай районунда болгон окуянын кесепетинен курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тез айыгып кетүүсүн каалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан оор мезгилдерде боордош казак элине ар дайым жардам берип келгенин жана жардам берүүсүн уланта берерин белгиледи.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу күн тартибинин келечек маселелерин талкуулашты.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 46

Разработка сайтов - bahtiiar.com