Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

129

10-февралдан 13-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин эскертет.

10-февраль саат 07:00ден баштап Жалал-Абад жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы Бишкек-Ош автоунаа жолунун 272-чакырымындагы «Чычкан» стационардык постунан оор жүк ташуучу автоунаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь