Президент дунган баланын жардам сураган кайрылуусуна жооп берди (видео)

1 290

Казакстандын Кордай районундагы башаламандыкка байланыштуу дунган улутундагы бала өлкөнүн президентине видеокайрылуу жасаган. Касым-Жомарт Токаев өспүрүмгө Twitter аркылуу жооп берди.

Бул күндөрү мага көптөгөн кайрылуулар түшүп жатат. Анын ичинен дунган баланын видеокайрылуусуна көңүлүм түштү. Мындай деп жооп берем: менин милдетим – бул биздин өлкөдө тынчтыкты жана бейкуттукту камсыздоо” ,- деп белгилеген мамлекет башчы.

Өспүрүмдүн президенттен жардам сураган кайрылуусу ишемби күнү чыгып, соцтармактарга тез тараган. Үйлөрдүн өрттөнгөнү, жаш балдардын ыйлаганы, бири-бирине кол салуулары абдан коркунучтуу болуп жатканын айткан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь