“Сиздердин мекениңиздер Казакстан, элге кайтуу керек!” Казак бийлиги кайрылуу жасады

1 998

Казакстандын вице-премьери Бердибек Сапарбаев Кыргызстанга качкандарды мекенине кайтууга чакырды. Бул туурасында ал Сортөбе айылынын тургундары менен жолугушууда айтканын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Белгилей кетсек, 7-8-февраль күндөрү Кордайдагы массалык башаламандыктан улам төрт миңден ашуун жаран үйүн таштап Кыргызстан тарапка агылган.

Эң башкысы, түн тынч өттү. Кудай кааласа, мындан кийин да ушундай болот. Биз облус акими менен бирге аялдар менен балдардын кайтып келе жатканын көрдүк. Сиздердин мекениңиздер Казакстан, элге кайтуу керек! Биз 150 жыл бою ынтымак менен достукта өмүр сүрүп келгенбиз. Жашообуз жакшы, объектилер салынып жатат, баарынын баш паанасы бар”, — деп айткан вице-премьер.

Ошондой эле ал 27 адам ооруканада, бешөө Алматыда экенин белгиледи. Экөөнүн абалы оор, он киши бүгүн үйүнө жиберилген.

Үйү өрттөнүп кеткен тургундарга материалдык компенсация төлөнөт. Облус акими аларга үй-жай даярдап жатат, азык-түлүк менен да камсыз болушат. Малы жана автоунаасынан ажырагандар да компенсация алат”, — деп айткан Сапарбаев.

Ал эми жергиликтүү тургундар ушул күнгө чейин туугандарын таба албай жатканын айтышкан.

Булак: sputnik.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь