Унаа оңдоочу жайдагы өрттөн бир адам жабыркады (видео, сүрөт)

603

Бишкекте Куренкеев жана Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа оңдоочу жайда өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

9-февралда саат 14:40 чамасында тутанган өрт саат 17:46да толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 1994-жылы туулган бир адам түтүнгө ууланып, ооруканага жеткирилген. Учурда абалы жакшы.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм тартылган. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь