Белгилүү ишкер коронавирустан коргонуу үчүн чатырга оронуп алган

494

Америкалык ишкер Рик Песковиц учакта чатырга оронуп алган. Ишкер кичи чатырларды өндүргөн StadiumPod компаниясынын башкы директору болуп саналат.

Адегенде бул чатырлар кол чатырдын ордуна спорттук иш-чараларда, балык уулоого барганда жана башка таза абада дем алууга чыкканда сунушталган.

Бирок Песковиц бети-башын жапкан чатырды коронавирустан коргонуу максатында учакта кийип отурган. Ишкердин айтымында, стюардессалар аны сүрөткө тартып алып соцтармакка жарыялашты.

Мындай коргонуу канчалык натыйжалуу ал суроо бойдон калууда. Ал эми дарыгерлер жугуштуу вирустан сактануу үчүн тез-тез колду жууп турууну кеңеш берет.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь