Бишкекте жигит дарыканадан дары уурдап жатканы видеого түшүп калган (ВИДЕО)

272

Бишкекте дарыканадан дары уурдап кеткен шектүү кармалды. Бул туурасында Ленин райондук ИИБнин маалымат кызматы билдирди.

3-февралда Ленин РИИБне дарыкананын директору арыз менен кайрылып, ошол күнү саат 08:00дө Токтогул көчөсүндөгү дарыканадан белгисиз жаран 16 миң сомду түзгөн дарыларды уурдап кеткенин билдирген.

Аталган окуя КЖБРге катталып, “Уурулук” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында, уурулукка шектелип 1993-жылы туулган Ш.Э. кармалды. Кармалган жаран Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө уланууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь