Гүлзат Мамытбектин экс-жолдошу анын үстүнөн арыз жазып, 5 миллион сом талап кылууда

357

Гүлзат Мамытбектин мурдагы жолдошу анын үстүнөн сотко даттанып, 5 миллион сом талап кылууда.

Буга чейин Гүлзат Мамытбек үй бүлөлүк чырдан улам экс-жолдошу Талант Курманкуловду сотко берип, бирок сот аны актаган.

Эми жолдошу кайра Гүлзатка каршы арызданып, моралдык зыян келтиргендиги үчүн 5 миллион сом төлөп берүүсүн арызда камтыган.

Башында балдарымдын энеси деп унчукпай жүрдүм. Себеби алар чоңойгондо баарын көрүшөт. Бирок Гүлзат сөзүн иш жүзүнө ашыра баштады. Мени каматкысы келип жүрөт. Үстүмдөн арыз жазып, канча кылмыш иши козголуп жүрдү. Гүлзат мени арыз жазууга өзү мажбур кылды. Ал башкача жол менен түшүнбөйт экен. Ар бир нерсенин чеги болуш керек да. Балким ал бир оорудан жабыркап жүрөт. Же сектанттардын баары ушундай болуп кетеби, айтор түшүнбөйм”,- дейт Талант Курманкулов.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь