Изделип жаткан Айдай табылды

393

Бишкекте дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Айдай табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Айдай учурда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында. Милиция кызматы бардык жагдайларды иликтөөдө.

Эске салсак, кечээ 10-февралда 16 жаштагы Айдай Түштүк магистралдагы “Глобус” гипермаркети жактагы үйдөн чыккан бойдон кайтып келген эмес. Дайынсыз жоголгон кыз психикалык жактан жабыркаганы айтылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь