Мамлекеттик телеканалдын алып баруучусу эфир учурунда каткырып жибергени үчүн жазаланды (ВИДЕО)

1 931

«Вести Камчатка» программасынын алып баруучусу Александра Новикова эфир учурунда күлкүсүн тыя албай калган. «Камчатка» МТРКсынын директору Алексей Костылев алып баруучу менен баарылашуу жүргүзгөнүн билдирди.

“Биз алып баруучу жана буга кимдин тиешеси болсо бардыгы менен сүйлөштүк. Жөн гана баарылашуу болду“,- дейт Костылев.

Ошондой эле Александра Новикованы жазалоо чечимин кабыл алгандарын кошумчалады.

Жаңылыктарды алып барып жаткан Новикова жеңилдиктерди алуу февраль айынан тарта баасы өскөнүн айтып жатып каткырып жиберген. Ал жөлөк пулдун өлчөмү 1,5 миң рубль, анын 900ү дары-дармектерге, 137 рубль – санаторийге жолдомо алууга ал эми калган акчаны эл аралык дарыланууга барып келүүгө коротууга болорун айткан.

Текстти аягына чейин окуган алып баруучу мындай кабарга чыдабай күлүп жиберген.

«Камчатка» МТРКсынын директору Алексей Костылев роликти интернетке ким жайылтып жибергенин билерин айтты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь