Экономикалык кылмыш ишти УКМКнын терроризмге каршы бөлүмүнүн тергөөчүсү тергегени кандай? Жабырлануучулар тергөө иштерине нааразы.

Элдик медиа интернет порталынын маалымат жыйын курган Солтонбек Байгазиев жана Керимаалы Учкемпиров тергөө органдарынын кайдыгер мамилесине арызданды. Алардын айтымында “Центр Азия Уголь” компаниясынын директору- Абдурахман Бабасиев, 2015-жылдан бери дээрлик 12 жаранды 19 миллион сом өлчөмүндө алдап кеткен. Жабыркагандардын арасында Байгазиев Солтонбек атту жаран да бар.

С.Байгазиевдин айтымында ага Бабасиев, 4 миллион сом төлөп берсе 800 миң тонна арзан баада көмүр бере ала тургандыгын айтып ишендирген. Сураган суммасын төлөгөн жабырлануучу убагында убадаланган көмүрүн ала алган эмес. Дагы бир нече алдангандар менен биргеликте С. Байгазиев, А.К Бабасиевдин кылмыш иши боюнча экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына кайрылышкан. Аталган кызмат 2018- жылы Бабасиевге карата иш козгоп бирок тергөөдө күбөлөрдү сураган эмес жана ишти узарта берген.

Финполиция Бабасиевдин ишин УКМКга өткөрүп берип койгон. Аны эмне себептен өткөрүлүп берилгенине бизге эч кандай түшүндүрмө беришкен жок. ”- дейт С.Байгазиев.

Бабасиевге акчасын алдаттым дегендердин арасында “Барс Транс” компаниясынын жетекчиси Керимаалы Учкемпиров да бар. Ал 20 миң доллар өлчөмүндө акчасын алдаткан. Ал экономикалык кылмыш ишти УКМКнын тероризм боюнча тергөөчүсү Шадыбеков тергегенин айтып, буга такыр түшүнбөй жатканын билдирди.

Шадыбеков бизден Бабасиевдин иши боюнча документтердин түп нускасын талап кылып жатты. Мен документердин түп нускасын берген жокмун. Бабасиев буга чейин убактылуу кармоочу жайга камалган, бирок бизге белгисиз себептер менен азыр азаттыкта жүрөт. Биз тергөөчүдөн эмненин негизинде бизди алдаган шылуун бошотулганын сураганыбызда, ынанымдуу жооп беришкен жок”- дейт ал.

Белгилей кетсек бул боюнча жабырлануучулар КРнын Президентине чейин арызданышып, мындан сегиз ай мурда Башкы Прокуратура Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына ишти жандандыруу боюнча кат жөнөткөн. Бирок азырынча иш тергелбей жатат дешет жабырлануучумун деп кайрылгандар. Эскертүү: Элдик медиа порталы экинчи тарап болгон Абдурахман Бабасиев менен байланыша албагандыктан маалымат жыйынга келген тараптын пикирин берди. Ошондуктан Бабасиев бул боюнча өз чындыгын айтам десе редакция менен байланышса болот.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 35