Бишкекте эки унаа сүзүшүп, төрт адам ошол жерден мерт кетти (сүрөт)

210

Ак-Ордо жаңы конушунда 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсык катталды. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашты.

Окуя кечээ 11-февралда болжол менен саат 22:00дө Гагарин – Урмат көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда «Ниссан» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 31 жаштагы Х.О. атту айдоочу карама-каршы тилкеге чыгып, 19 жаштагы М. уулу Т., башкарып келе жаткан «БМВ-523» автоунаасы менен кагышкан. Натыйжада кырсыктан эки айдоочу жана эки жүргүнчү алган жарааттан улам жеринде каза болгон. Андан тышкары, эки жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

Кырсык КЖБРге катталып, териштирүү жүрүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь