Бишкек ЖЭБ: Салайдин Авазов күнөөсүн мойнуна алды, 5 млн сом төлөп берүүгө даяр

842

“Мен өз күнөөмдү, ээлеген кызматыман кыянаттык менен пайдаланганымды мойнума алам жана 5 миллион сом өлчөмүндө айып пул төлөөгө даярмын” ,- деп билдирди Салайдин Авазов ЖЭБти оңдоп түзөө боюнча өткөн соттук отурумда.

Бүгүн 12-февралда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБди оңдоп түзөө боюнча сот иши уланды. Анда С.Исаковго, Ж.Сатыбалдиевге, О.Лавровага, О.Артыкбаевге, А.Калиевге, С.Авазовго, Ж.Назаровго жана Т.Бримкуловго кылмыш иши козголгон.

Соттордун төрагасы Ирина Воронцова болуп, Салайдин Авазовдон сурак алды. Анын айтымында бардык президенттин алдындагы башкармалыктар, президенттин аппараты, Энергетика министрлиги баш болуп ТВЕА менен келишим түзүүгө тапшырма берген. Салайдин Авазов шашылыш чечим Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине чейин бүткөрүү планы менен түшүндүрдү. Ал муну менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгын белгилейт.

“Ооба мен биздин мыйзамдарга ылайык толук Техникалык- экономикалык негиздемеси жана контракт менен байланышы жок ТВЕА менен келишим түзүлгөнүн моюнга алам. Мен келтирилген 5 миллион сом айып пулду төлөөгө даярмын”– дейт С.Авазов.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди сот 5 миллион сом өлчөмүндө айыпка жыккан.

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь