Жалал-Абадда үч унаа сүзүшүп, бири аңтарылып калды (ВИДЕО)

227

Жалал-Абадда үч унаа кагышып, үч киши жабыркады.

Маалыматка ылайык, кырсык 12-февралга карган түнү саат 01:00дөр чамасында Пушкин көчөсүндө катталган. 67 жаштагы айдоочу Daewoo Lanos унаасы менен башка көчөгө бурулуп жатканда, 19 жаштагы айдоочу Daewoo Matiz унаасы менен катуу ылдамдыкта келип сүзүлгөн.

Кагышкан унаалардын бири каршы тилкеге чыгып кетип жолдун боюнда токтоп турган Daewoo Matiz барып сүзгөн.

Кырсыктын натыйжасында үч адам жаракат алып, ооруканага жаткырылды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь