Майрам Акаева Кыргызстанга келди

3 364

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева күн мурда Кыргызстанга учуп келгенин tuz.kg өздүк булактарына таянуу менен жазды.

«Майрам Дүйшөновна “Аэрофлот” учагы  менен жардамчысынын коштосуунда келди. Аны «Манас аэропортунан бул жактагы жансакчысы VIP-залынан тосуп алган», – деп жазат басылма.

Эске салсак, жакында эле Акаевдин үй-бүлөсү эки оор жоготууга дуушар болушту. Акаевдин агасынын уулу жана ага удаа өзүнүн туң уулу Айдар дүйно салды.

Айрым маалыматтарда, Майрам Акаева жолдошу Аскар Акаев менен бирге Москвада эмес, Женевада жашап жатканы айтылат.

 

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь