Момбеков: Мунуңуз мал доктур экен го, ара чолодо аксап калып уят болуп калбайсызбы? (видео)

936

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңеште депутаттар вице-премьер-министрлик кызматына Акрам Мадумаровдун талапкерлигин карап жатышат. Мадумаровду премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштады.

Жыйында депутат Рыскелди Момбеков Мадумаровдун кесиби мал доктур экенин айтып, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден вице-премьерликке башка талапкер жок беле деген собол салды.

«Жеңиш Разаков 4 жыл губернатор, 4 жыл вице-премьер-министр болду. Бирок төрт метр жерди чечпей кетти. Кетип жатканда дагы жөн кетпей минтип айтып кетти: “Үй-бүлөдөгү маселелерди калыбына келтирүү керек, ошондуктан арыз жаздым. Чек ара меселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Жогорку Кеңештин палатасынан да, жалпы жыйынынан да өтүп, түшүндүрүп чыктык. Бул кыйын маселе болгондуктан, жеринде эл менен да түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Менимче, чек араны чечүү маселеси көп жылдарга уланат. Мен баштаган ишти аягына чыгарыш керек беле же жокпу аны кудай билет деп мындайча айтканда чекит коюп кетти. Баткенде алып келип эле вице-премьер кыла бербей, ошол жакка эле вице-премьер деген макамды берип койбойлубу? Улукбек Кочкоровго окшогон мыкты министр бар, чекист десе чекист. Мадумаров деле мал доктур экен го мунуңуз деле ара-чолодо аксап калып, уят болуп калбайсызбы деген өтүнүч эмес өкүнүчтү айтып жатам да», – деди Момбеков.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь