Сооронбай Жээнбеков: Казакстан ЕАЭБдин келишимин бузуп жатат

504

Казакстан Евразиялык экономикалык бирикменин принциптерин бузууда. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-февралда Бишкекте өткөн Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында билдиргенин 24.kg жазды. 

Жүк ташуучулар Ассоциациясынын өкүлдөрү кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча мамлекет башчыга айтып беришти.

Казакстандын бийлиги коррупцияга жол ачып коюшту. Чек арадан өткөн соң органдын өкүлдөрү жолдун боюна туруп алышып оор жүк ташуучу унааларды токтотуп, акча талап кылышат. Жүктөр алты күнгө чейин кармалып турат“,- деп нааразы болушту айдоочулар.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Казакстан мамлекети менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

“Биз бул көйгөйдү талкуулап жатабыз. Алардын айтымында, Россияга кетүүчү көпчүлүк жүктөр Казакстанда калууда. Ошондой эле декларацияда товарга болгон бааны туура эмес көрсөтүп жатышат. Бул суроолор Москвадагы жолугушууда талкууланат”, -деди.

Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ боюнча өнөктөштөр союздун принциптерин сакташы керектигин баса белгиледи.

Биркменин төрттөр бир негизги принциби бул – товарды эркин жүгүртүү. Эмнени жашырмак элек, коңшулар келишимди бузуп жатышат. Ал үстүнөн бул адатка айланып бара жатат. Өткөн жылы дагы ушундай болгон. Биз кайда барышыбыз керек? Биздин товарлар ЕАЭБдин рыногуна кириши керек. Биз ушул үчүн союзга кошулдук да”,- деп билдирди президент.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь