Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

124

11-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Тараптар эки өлкө ортосундагы өз ара мамилелерди өнүктүрүү боюнча үстүбүздөгү жылга карата биргелешкен пландарды белгилешти.

Телефондук сүйлөшүүдө Сооронбай Жээнбеков жана Режеп Тайип Эрдоган үстүбүздөгү жылы Түркияда боло турган   Төртүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча даярдык маселелерин талкуулашты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь