“Элди кыйнабай кет да!” Президенттин сынынан кийин Абдиев отставкага кетмей болду (видео)

973

Президент Сооронбай Жээнбековдун сынынан кийин Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Бакыт Абдиев отставкага кетмей болду. Бул тууралуу өзү билдирди. Чиновник президенттин сынына макул болду.

Анын айтымында, ал креслого жабышпайт жана бүгүн эле арыз жаза турган болду.

“Мен өз жоопкерчилигимди четке какпайм. Бирок бир нерсени эске алыш керек. Ишкерлер, куруучулар уруксат документтерин ала албай жаткандарына арызданышууда, бирок биздин адистер объективдүү себептерден улам аны бере албай жатышат. Мисалы, жашыл аймакка же эскилиги жеткен инженердик тармакка курулуш жүргүзгүзү келет. Биз буга жол бере албайбыз. Мамлекеттик агенттик менин башкаруумда начар иштеди деп айтуудан алысмын. “Бирдиктүү терезе” ишке кирип жатат. Жыл аягына чейин ишке ашырылат. Кылмыш ишинен коркпоймун, анткени мен мыйзам бузган жокмун”,- деди Бакыт Абдиев.

Абдиев азырынча жаңы жумушка орношууну ойлоно элек, эс алууну пландап жатканын кошумчалады.

Булак: 24.кж

Президент курулуш тармагын тейлеген жетекчини кызматтан кет деп урушту

Президент курулуш тармагын тейлеген жетекчини кызматтан кет деп урушту

Опубликовано Элдик медиа Дадим слово каждому Вторник, 11 февраля 2020 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь