90 жаштагы чоң эне өзү рулга отуруп “Лада Приора” унаасы менен шаар айланат

655

Жакында 90 жылдыгын белгилеген Матрена Зайдулина “Лада Приора” үлгүсүндөгү бардык унааларды зуулдата айдайт. Жайкысын дачада болуп, күз келгендей жыйнаган түшүмүн сатат.

Унаа сүйүүчүлөрдүн катарын толуктаган эненин айдоочулук тажрыйбасы 60 жылга жакындады. Мындан 14 жыл мурда Актөбөлүктөр аны кызыл “жигули” айдап жүргөнүндө таанып калышкан.

Матрена Зайдулина 1956-жылы абышкасы менен бирге Актөбө облусуна көчүп келишип, Москвадан «Жигули» үлгүсүндөгү алгачкы унаасын айдай келишкен.

Жолдошу айдоочу болуп, өзү кондукторлук ишине орношкон. Кийин жолдошу көз жумгандан кийин, үй-бүлөнү багыш үчүн Зайдулина автомектепке орношуп айдоочулук күбөлүккө ээ болгон. Ошондон кийин такси айдап иштеп кетет.

Учурда “Ваз” машиналардын күйөрманына айланган Матрена Зайдулинаны бүт эл тааныйт. Жаны тынч алып отура албаган чоң эне жайы бою бакча, короо менен алектенип күз келгенде базарда соода кылат.

“Мен айдаганды жакшы көрөм, рулсуз мен жашоомду элестете албайм. Иштегенди дагы жакшы көрөм, бул ден-соолукка абдан пайдалуу”,- дейт Мотя чоң эне.

Актөбөлүктөрдүн айиымында Мотя эне ооруканага дарыланууга барбайт, дары да ичпейт. Кары кемпир элдик медицина менен гана өзүн карап, дарыланып жүрөт.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь