Ат-Башыда дарыгер жаңы төрөлгөн ымыркайын кесиптешинин үйүнө таштап кетти

1 419

Нарын облусунун Ат-Башы районунда тез жардам кызматынын кызматкери кесиптешинин үйүнүн алдына ымыркайын таштап кеткен.

2019-жылы 6-декабрда Ат-Башы айылынын 1971-жылы туулган тургуну милицияга кайрылып, анын тууганынын үйүнө белгисиз адам жаңы төрөлгөн наристени таштап кеткенин айткан.

Үй ээсинин айтымында, терезени бирөө тыкылдатканынан сыртка чыккан. Бирок эч ким жок болгон. Кийин баланын ыйлаган үнүн угуп, коробкада жаткан ымыркайды көргөн. Таштап кеткен адам жаңы төрөлгөн наристени жуурканга ороп койгон.

Милиция кызматкерлери ымыркайды төрөт үйүнө алып барышканда дарыгерлер бала 6 саат мурда төрөлгөнүн аныкташкан. Наристенин салмагы 3500 г, бою 51 см түзгөн. Мындан тышкары бала үй шартында төрөлгөнү билинди.

Тергөө иштеринин натыйжасында ымыркайдын энесинин өздүгү такталып, ал 1976-ж.т. Т. кызы К. болгон, аял Ат-Башы райондук тез жардам кызматынын фельдшери.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь