Бахадыр Кочкаров Калыстар комитетинин төрагасы болду

197

Бахадыр Кочкаров Кыргызстандын Футбол бирикмесинин Калыстар комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Аталган чечим Кыргызстандын футбол федерациясынын аткаруу комитетинин отурумунда кабыл алынды. 

Жаңы кызматта Кочкаров калыстар жана инспекторлорду ар тараптуу өнүктүрүү, эл аралык уюмдар менен мамиле түзүү жана тыгыз иштешүү сыяктуу милдеттерди аткармакчы.

Бахадыр Кочкаров – кыргызстандык белгилүү футбол калысы, карьерасын 1997-жылы баштаган. Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) калысы катары алгач 2010-жылы Түштүк Африкада өткөн Дүйнөлүк футбол чемпионатында мелдеш талаасына чыккан.

Эки жолу дүйнө чемпионатына катышып, тогуз оюнга оң канатта туруп калыстык кылып, футбол тарыхына кирген. Эл аралык аренадагы карьерасын 2019-жылдын аягында ийгиликтүү жыйынтыктаган.

Бахадыр Кочкаров 1970-жылы 13-майда Ош шаарында туулган. Ал футболдогу калыстык карьерасын 1997-жылы баштап, эң алгачкы матчын ошол эле жылдын 26-майында тейлеген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь