Бишкекте айдоочу үч жөө жүргүнчүнү сүзүп, бир адам каза болду (сүрөт)

462

Патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери Бишкекте 3 жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочуну кармашты. Жөө адамдардын бири алган жаратынан улам окуя болгон жерде көз жумган.

Окуя 13-февралга караган түнү Масалиев менен Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жөө жүргүнчүлөрдүн экөө ооруканага жаткырылды.

Издөө иш-чараларынын натыйжасында “Мерседес-Бенц” унаасынын айдоочусу — 1994-жылы туулган Т.К. кармалды. Ал ШИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, унаа айып короого киргизилди.

Бул факт “автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча КЖБРге катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь