Валентина Шевченко алты айга мушташтан четтетилди

563

UFC чемпиону Валентина Шевченко алты айга мушташтан четтетилди. 9-февралда UFC 247 турниринде кыргызстандык спортчу америкалык Кэтлин Чукагянды жеңген.

Үч күндөн кийин Техас штатынынын лизенция берүү департаменти Валентина Шевченкону медициналык көрсөткүчтөрдөн улам 6 айга рингге чыгууга тыюу салды. Ал эми анын каршылашына 46 күнгө чейин уруксат жок.

“Техас штатынынын лизенция берүү жана жөнгө салуу департаменти медициналык четтетүүнүн корутундусуна толук түшүндүрмө берген жок. Мындан улам мушкерлердин ден-соолугуна кандай коркунучтар жана жаракат алып келгенин айта албайбыз”,- деп жазат чет элдик басылмалар.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь