Депутат Алтынбек Жунус уулу ага карата каралоо болуп жатканын билдирди

272

Депутат Алтынбек Жунус уулу фейк маалыматтардын курмандыгы болуп жатканын жар салды. Ал өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу элге кайрылып, Ат-Башыда салына турган логистикалык борбордун курулушун колдой турганын дагы бир ирет тастыктады.

“Урматтуу мекендештер 2 күндөн бери социалдык тармакта Ат-Башыдагы логистикалык борборго каршы митинг-пикеттердин артында депутат Алтынбек Жунус уулу турат деген жалган маалыматтар фейк аккаунттар аркылуу таратылып, бүгүн видео материал жайылтыла баштады. Мен аталган логистикалык борбордун салынышын колдоп, жумушчу орундар түзүлүп, жалпы элге пайдасы тийсе экен деген максатта Ат-Башыга барып, жердештеримди да колдоого чакырып жатканымды, атбашылыктар жакшы билет. Ат-Башыга бир эмес эки сапар барып эл менен жолугушууларды өткөрүп, эмнеге каршы болуп жатканын өз кулагым менен, маңдай-тескей отуруп угуп келдим”,- деп жазат.

Эл өкүлүнүн айтымында учурда ага карата “логистикалык борборду курууга каршы митинг уюштурууда” деген каралоо максатында жалган маалыматтар тарап жатат.

Видеотасмада мен “Манас деген баланын атасына логистикалык борбор тууралуу кагаздарды көргөзүп, курулушун колдоого көндүрдүм деп айтып жатам. Ушул сөздү “логистикага каршы митинг уюштуруп жатат” деп колдонуу акылга сыйа турган ишпи? “Алтынбек Жунус уулу башаламандын уюштуруучусу” деген атайылап жасап жаткан кара ниет каралоо“,- деп белгиледи депутат.

Алтынбек Жунус уулу сөздөрү бурмаланганы үчүн укук коргоо органдары текшериши керек деп расмий кайрылды.

Урматтуу мекендештер 2 күндөн бери социалдык тармакта Ат-Башыдагы логистикалык борборго каршы митинг-пикеттердин артында…

Опубликовано Алтынбеком Жунус Уулу Среда, 12 февраля 2020 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь