Кыргыз-казак чек арасындагы “Акжол” көзөмөл өткөрмө жайы жабылат

352

Кыргыз-казак чек арасындагы “Акжол – унаа жолу” көзөмөл өткөрмө жайы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди.

Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 20-февралдан тарта “Акжол – унаа жолу” жана “Кордай – унаа жолу” көзөмөл өткөрмө жайы аркылуу унаалар өткөрүлбөйт.

Жөө адамдар (чоң жүгү болбосо) бул көзөмөл өткөрмө жайы аркылуу өтө алышат. “Акжол – унаа жолу” саат 06:00дөн 24:00гө чейин иштейт.

Курулуш иштерин ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь